Биз менен байланышыңыз

Энергетика министрлиги 7 көмүр кенин Кытай менен биргеликте иштетет

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 300 | 0

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Кытайдын Синьцзянь-уйгур автономиялуу районундагы иш сапарында жалпы 17 документке кол коюлду.

Тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыкты терендетүү жана биргелешип долбоорлорду ишке ашыруу максатында кол койду. Бул Кытай менен Кыргызстандын алакасынын энергетика тармагындагы жаңы багыттарына жол ачат, — деп айтылат мааалыматта.

Кол коюлган документтерге ылайык, өлкө аймагындагы жети көмүр кенин биргелешип иштетүү жана Торугарт, Эркештам өткөрмө бекеттерине көмүрдү конвейер аркылуу өткөрүүгө макулдашылган. Ошондой эле Сары-Жаз ГЭСин куруу жана энергиянын жаңы булактарын иштеп чыгуу боюнча да меморандумга кол коюлган.

Урумчи шаарындагы  кол коюлган документтердин тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Меморандум энергетика жана энергетикалык саясат, технологиялар, пландоо, ошондой эле электр энергиясын жеткирүү максатындагы энергетикалык инфраструктуранын өз ара байланышына көмөктөшүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында түзүлдү.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd. ортосунда кызматташууга ниеттенүү боюнча Меморандум энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу, энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүнү камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон керектөөлөрүн камсыздоо үчүн Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу жана пайдалануу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd. ортосунда кызматташуу боюнча Меморандум 500 кВ Кемин-Торугарт электр берүү линиясын куруу максатында түзүлгөн. КР менен КЭР ортосунда 500 кВ аба чубалгысын куруунун максаты болуп, Кыргыз Республикасында ГЭСтер каскаддарын жана ЭКБ ишке киргизүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууну эске алуу менен электр энергиясын өз ара пайдалуу, эки тараптуу берүү үчүн эки өлкөнүн энергетикалык тутумдарын бириктирүү эсептелет.

КР СУАР бизнес-форумунда кол коюлган документтердин тизмеси

-«Тегене»көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен Hebei Jinsheng MINING ENGINEERING Co Ltd компаниясы ортосундагы ниет Келишими.

-“Торугарт»көмүр кендерин биргелешип иштетүү боюнча “Кыргызкөмүр” МИ менен Irkeshtan Port Xingi International Trade Co ltd компаниясынын ортосундагы ниет Келишими.

-«Каракабык-Балыкты» көмүр кенин иштетүү боюнча “Кыргызкөмүр” МИ менен — Irkeshtan Port Xingi International Trade Co lt компаниясынын ортосунда ниет Келишими.

«Торугарт» кыргыз-кытай автомобиль чек арасына жакын көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча “Кыргызкөмүр” МИ менен — Irkeshtan Port Xingi International Trade Co lt компаниясынын ортосунда ниет Келишими;

-» Сүлүктү талаа — 11″көмүр кенин биргеликте иштетүү жөнүндө “Кыргызкөмүр” МИ менен КРдагы «Томирис-Кен» ЖЧК компаниясынын ортосундагы ниет Келишими;

-“Эркештам” кыргыз-кытай автомобиль чек арасына ленталык конвейери менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча Кыргызкөмүр МИ менен «Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD (ООО Энергическая технология Дачэнлунюань в Синьцзяне)» ортосундагы ниет Келишими;

КРнын гидроэнергетикатык долбоорлорду энергетика тармагында өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd. «TBEA» жана «Чакан ГЭС» ААК ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, МКнын алдындагы Жашыл энергетика фонду, “КУЭТ” ААК жана Молин Энеджи компаниясынын ортосундагы КРда күн электр станциясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

«Ак — Улак» көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө Кыргызкөмүр МИ менен ОсОО Shanci Сoal Investment Group LLC компаниясынын ортосунда папкаларды алмашуу;

«Беш — Бурхан»көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө-“Кыргызкөмүр МИ” менен ОсОО Shanci Сoal Investment Group LLC компаниясынын ортосунда келишим боюнча папка алмашуу.

“Курулуп жаткан электрстанциялары дирекциясы” ААК менен «№5 Кытай темир жол инженердик группалык компаниясы» жана «Кытай чет өлкөлүк инжиниринг корпорациясынын» ортосунда Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу ниети жөнүндө макулдашуу.

-“Торугарт 1 «көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча Кыргызкөмүр МИ менен “Kashi Shunbaofu Trade and export Trade Corporation”компаниясынын ортосундагы ниет Келишими.;

-Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен CHINA POWER ENGINEERING CONSULTING GROUP INTERNATIONAL ENGINEERING CO., LTD. ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум. (3ГВт).

 —Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Goldwind Science & Technology Co., Ltd. ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM