Биз менен байланышыңыз

Жидда-Ош багыты боюнча алгачкы каттам Ошко келип конду

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 243 | 0

Жидда-Ош-Жидда авиакаттамынын алгачкы рейси бүгүн Ош шаарына келип конду. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын маалымат кызматы билдирди.

Сауд Арабия менен Кыргызстандын ортосундагы жаңы ачылган авиакаттам бүгүн, 21-августта Жидда-Ош багыты боюнча учуп, аны «Ош» эл аралык аба майданында салтанаттуу тосуп алуу болду.

Ал эми ошол эле учак кайрадан Ош-Жидда багыты боюнча учуп, ага 157 жүргүнчү отурду.

Жаңы каттам Сауд Арабиянын “Flynas” авиакомпаниясы аркылуу ишке ашууда. Эми Жидда-Ош-Жидда багыты боюнча дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү каттамдар үзгүлтүксүз учуп турат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM