Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда сугат сууну көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 239 | 0

Чүй облусундагы эксперименталдык каналдарга орнотулган сууну эсепке алуунун жана суу бөлүштүрүүнүн автоматташтырылган тутумунун көрсөтүүсү болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Сугат суунун агымын көзөмөлдөө үчүн автоматташтырылган аппараттар ата мекендик өндүрүш болуп саналат.

Аппараттар Кыргызстандын сугат чарба илим-изилдөө институтунун окумуштуулары тарабынан суу аз болгон мезгилде талааларга келип жаткан сууну эсепке алуу маселесин чечүү үчүн иштелип чыккан.

Суу деңгээлинин датчиктери кошумча заманбап технологиялык каражат катары өлчөө станцияларында орнотулган.

Аппараттар суунун бетинде чагылдырылган ультра үн импульстарын чыгарышат. Атайын жабдуулар импульстардын чагылуу убактысын жазып, андан кийин бул маалымат компьютерге кирет. Ошентип, система каналдардагы суунун деңгээли боюнча оперативдүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Окумуштуулардын айтымында, ата мекендик аппараттардын баасы чет өлкөлүк моделдерге караганда бир топ арзан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM