Биз менен байланышыңыз

Кочкордо айыл өкмөт башчысы жана орун басары пара берип жатып кармалды

Кыска кабар | 21 Авг 2023 | 1728 | 0

Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары УКМК кызматкерине ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды.

Сары-Булак айыл аймагынын башчысы С.М.Т. жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары М.К.С. кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн 125 миң сом акча каражатын УКМК кызматкерине пара берүү учурунда кармалды.

Жогорудагы жарандар Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматты каттоо журналына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM