Биз менен байланышыңыз

БУУ бул жайдагы экстремалдуу ысыкты жаңы норма деп атады

Кыска кабар | 20 Авг 2023 | 372 | 0

Быйылкы жай мезгилиндеги экстремалдуу ысыкты Бириккен улуттар уюму жаңы норма деп атады. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун эксперти Альваро Силва билдирди.

Буга чейин июль айы тарыхтагы эң ысык ай катары катталганы айтылган. Бул ысык август айында да сакталышы мүмкүн.

«Бул эми жаңы норма. Бул күтүүсүз бир жагдай эмес. Мындай экстремалдуу ысык жана катуу жаан акыркы он жылда көп каттала баштады», -деген эксперт.

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм катуу ысык Борбордук жана Чыгыш Европада, Түндүк Америка жана АКШда дагы да уланарын кошумчалаган. Ошондой эле, Канадада июнь айынан бери өчпөй жаткан токойдогу өрткө да быйылкы катуу ысык себеп менен байланыштырган.

Кытайда да быйыл аномалдуу ысык катталып, Синьцзян-Уйгур автоном облусунда абанын температурасы 52 гралуска чыккан.

Божомолдорго ылайык, Франциянын түштүгүндө азыркы күндөрү 40 градус ысык болууда. Бул Франциядагы быйылкы жайдагы эң ысык күндөрдүн бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM