Биз менен байланышыңыз

Свердлов районунда ижарага берилген батирлерге рейд жүргүзүлдү

Кыска кабар | 20 Авг 2023 | 141 | 0

Свердлов районунда батирлерди ижарага берүү боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шаардыктардын көп даттанууларынан жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Свердлов акимиатынын кызматкерлери тарабынан райондук салык кызматынын инспекторлору жана райондук МАБнын адистери менен биргеликте турак жай аянтын ижарага берген ээлерин салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул ишти жүргүзүү үчүн райондун аймагындагы батирди ижарага бергендердин маалымат базасы түзүлдү. Бүгүнкү күндө конуштарда жана көп кабаттуу үйлөрдө иштер жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы: көп кабаттуу үйлөргө — кв. м. үчүн 30 сом (пайдаланылган аянты), жеке үйлөр-кв. м. үчүн 40 сом (пайдаланылган аянты). Мындан тышкары 919 сомду түзгөн камсыздандыруу полисин (Социалдык фондго төгүм) сатып алуу зарыл.

Салык төлөөдөн качкан учурда жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM