Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар эми Мальдив аралдарына визасыз кире алат

Кыска кабар | 19 Авг 2023 | 98 | 0

Кыргызстандыктар эртең, 20-августтан тарта Мальдивге визасыз уча алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу 2023-жылдын 20-августунда күчүнө кирет.

Макулдашууга ылайык Кыргызстандын жана Мальдив Республикасынын – паспортторунун бардык типтеринин ээлери (жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттору) 30 күнгө чейин эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM