Биз менен байланышыңыз

Төрөт учурунда акыреги сынган ымыркай боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты

Кыска кабар | 19 Авг 2023 | 126 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын акырек сөөгүнүн сынганы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын жарыялады.

Министрлик кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө төрөткө келген келиндин төрөтүн кабыл алуу боюнча протокол туура коюлганын, бирок төрөт учурунда айрым кызматкерлер тарабынан чекилик кеткени аныкталды, — деп билдирди.

Мындан улам, аталган оорукананын башкы дарыгерине кызматкерлерине тийиштүү чараларды көрүү боюнча тапшырма берилди. Ага ылайык, төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басарын сөгүш жарыяланып, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнүн башчысын кызматтан төмөндөтүү жана төрөткө катышкан бардык медициналык кызматкерлерге сөгүш жарыяланып, аларды да кызматынан төмөндөтүү каралсын, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми акыреги сынган ымыркайды антибактериалдык терапия ыкмасы менен дарылап жатканы айтылып, абалы туруктуу деп бааланган.

Буга чейин Караколдо төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынганы тууралуу төрөгөн келиндин туугандары социалдык тармакта кайрылуу жасап, министрлик кызматтык иликтөө баштаган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM