Биз менен байланышыңыз

Жер мунапысы: 32 миңден ашык жер тилкесине докмуент берилди

Кыска кабар | 19 Авг 2023 | 140 | 0

Быйылкы жылдын акыркы 4 айында (май-август) республика боюнча жарандарга жерге жеке менчик укугуна 16 миң 55 мамлекеттик акт жана өз билемдик менен курулган турак жайларга 16 миң 783 техникалык паспорт берилген. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымат жарыяланды.

Алсак, акыркы 4 айда мамлекеттик актыларды чыгарууда 264,1%га (11 миң 645) өсүш байкалган. Бул иштер президенттин жер мунапысы боюнча чыккан жарлыгынын алкагында аткарылган.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелине карата 4 миң 410 мамлекеттик акт жана 13 миң 625 техникалык паспорт берилгени айтылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM