Биз менен байланышыңыз

ИИМде алты жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 19 Авг 2023 | 410 | 0

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштери аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Ички иштер министрлигинде кечээ, 19-августта ИИМдин Коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланган.

Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.

Эскерте кетсек, күн мурун УКМК Бишкек шаарында синтетикалык баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалгандыгын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM