Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган имараттарды буздуруу уланууда (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Авг 2023 | 105 | 0

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган имараттарды буздуруу уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

14-августтан 17-августка чейин башкармалык тарабынан 38 объект демонтаждалды.

Алардын ичинен Айтматов проспектиси боюнча жеңил конструкциядагы 15 объект, Чүй проспектиси боюнча 3 объект, Байтик Баатыр көчөсү боюнча 2 объект, эскиздик долбоорго ылайык келбеген 11 жарнамалык конструкция жана кирүү топтору демонтаждалган.

Ошондой эле Северная көчөсү, №1 дарегинде 15х5 чарчы метр өлчөмүндөгү бастырма, №12 кичи районунда 2 шлагбаум жана Көк-Жар кичи районунда Молдокулов көчөсү боюнча 1 темир тосмо алынды.

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин катынын негизинде Чүй проспектиси — Шопоков көчөсү жана Абдрахманов көчөсү — Киев көчөсүнүн кесилишиндеги 2 жарнамалык конструкция алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM