Биз менен байланышыңыз

19-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Авг 2023 | 457 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 19-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +27…+32 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM