Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 19-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +27…+32 градус жылуу болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 жылуу болот.