Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Троллейбус айдоочусу болууну каалагандар бекер окутулат

Кыска кабар | 18 Авг 2023 | 329 | 0

Бишкек троллейбус башкармалыгы «Т» категориясы бар айдоочуларды өз жамаатына ишке чакырат.

Ал эми жаңыдан троллейбус айдоочусу болууну каалагандар №20 кесиптик лицейде акысыз курстан өтө алат. Окуу мөөнөтү 6 айды түзөт.

Мэриядан белгилешкендей, курсту аяктагандан кийин расмий ишке орноштурууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет. Муктаж болгондор үчүн окуу жайда акысыз жатакана берилет.

№20 кесиптик лицей Бишкек шаары, Купянский көчөсү, 30 А дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0550 220 173.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM