Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш 7,8 миллион сомго компьютерлерди сатып алат

Кыска кабар | 17 Авг 2023 | 162 | 0

Жогорку Кеңеш 7,8 млн сомго жаңы персоналдык компьютерлерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымат чыкты.

Маалыматта талап кылынган техниканын саны көрсөтүлгөн эмес. Белгиленгендей, келишим түзүлгөндөн кийин жеткирүү 40 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.

Потенциалдуу жеткирүүчүлөр милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу бардык салыктарды жана жыйымдарды, пошлина жана башка чыгымдарды эске алуу менен бааларды көрсөтүшү керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM