Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу пландалууда

Кыска кабар | 17 Авг 2023 | 389 | 2

Кыргыз-кытай чек арасында «Бедел» өткөрүү пунктун ачуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарында белгилүү болду.

Анда Жапаров Кытайдын коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолукту. Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Ак-Суу” автожолун куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ошондой эле “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарын модернизациялоо маселесин да талкуулап, эки өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, анын ичинде алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү, ошондой эле айдоочулук визаларды берүү зарылдыгын белгиледи.

2 пикир

2 пикир

  1. Алайкуу ороонунун атуулу 1курултайдын делегаты Ботоноев Советбек...

    18.08.2023 13:14

    Эгерде Ысык кол тараптагы КЭРге баруучу Бедел ашуусу аркылуу откормо пост ачыла турган болсо анда Ош обл.гы Кара Кулжа районуна караштуу Алайкуу ороонундогу Туз Бел ашуусу аркылуу автожрл ачып койсонор Алайкуу ороонундогу 4айыл окмоту Бутундой Кара Кулжа Озгон райондорунун Жалал Абадоблусунун эли Кытай эл Республикасына кыска жел жол менен соода экономикалык катташып Алайкуу Кара Кулжа жолун асфальттап беруу жонундогу 50 60жылдан берки умут тилеги ишке ашып калмак баса Откон жылдагы 1курултайда дагы Алайкуулук делегаттар бул жол аселесин .аны асфальттап берууну отунуп кат ташташкан эле Президентке Кабминге ж.б.бирок андан дайын жооп жок!!!!

  2. 1элдик курултайдын делегаты С..Ботоноев

    18.08.2023 15:56

    Бедел ашуусу аркылуу КытайгаАвтожолкаттамы ачылса Анда Кара Кулжа районундагы Алайкуу ороонундогу Туз бел ашуусу аркылуу деле Кытайша автожол каттамын ачып Кыргызстан Кытай соода экономикалык байланыштарын оркундотуу менен бирге Алайкуу Кара Кулжа автожолун кенейтип асфальттоо жонундогу Жалпы Алайкуу ороонундогу 4 5айыл окмотундогу элдин Ош ..Кара Кулжа Озгон Кара Сууга Ж.Абад Бишкекке каттагандагы жол азабы кор азабы маселелери чечилип элдин жашооденгээли жакшырып шаарларга кочуп кетуу агымы кыскармак Бул б.ча 2022ж 25 ноябрындагы 1 Элдик Курултайга барган Алайкуулук делегаттардын Президентке Кабмин торагасына К Ташиевке тапшырган кайрылуу катындагы ыйлап суранышкан 50 60жылдан бери чечилбей келген 25пунктуу койгойлору чечилип калмак?!! Куздогу курултайда тапшырып умут кылып отуруп куткон катка жооп келбей калды .элдин умут тилеги ишке ашпай калды??!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM