Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги орточо айлык акы ЕАЭБдин башка борборлорунан бир топ төмөн

Кыска кабар | 17 Авг 2023 | 132 | 0

Бишкек шаарында орточо айлык акы 499 АКШ доллары же 44 миң сом. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статком ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүнүн борборлору боюнча орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн салыштырып талдап чыкты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын борбору Москвада орточо айлык 1578 АКШ доллары, Казакстандын борбору Астанада 1028 АКШ доллары, ал эми Минск шаарында 875 доллар.

Салыштырма талдоодо 2023-жылдын июль айында Бишкек шаарындагы биринчи кезекте керектелүүчү азыктар ЕАЭБдин башка борборлорундагы деңгээлден артта калгандыгын күбөлөндүрөт, — деп жазылат маалыматта. Бул Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталган. Мисалы, Бишкекте орточо айлык эмгек акыга 800 киллограммдан ашык ун сатып алса, Москвада 2,6 эсе көп сатып алса болот (2 121,4 киллограмм). Астана шаарында бир айлык эмгек акыга 3 тонна, ал эми Бишкек шаарында 900 килограмдай картошка сатып алууга болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM