Биз менен байланышыңыз

Жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн айылдын имамы кармалды

Кыска кабар | 16 Авг 2023 | 353 | 0

Жашы жете элек кызга нике кыйгандыгы үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы 1960-жылы туулган Э.Р. жашы жете элек кыз 2005-жылы туулган Б.М. менен 1995-жылы туулган Ш.Х.га нике кыйгандыгы үчүн Чүй ОИИБ кызматкерлери тарабынан кармалды.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда жаран 1960-жылы туулган Э.Р. аталган кылмыш ишине шектүү катарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүнкү күндө ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM