Connect with us

Караколдо Москва мамлекеттик университетинин мектеби ачылат

Кыска кабар | 16 Авг 2023 | 280 | 0

Каракол шаарында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосунда заманбап мектеп ачылат. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Артем Новиков билдирди.

Мектеп 600 окуучуга ылайыкталган жана М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин патронажы катары иш алып барат. Ал 2020-жылдан бери бош турган эски техникумдун имаратына жайгашат. Долбоор боюнча аны толугу менен реконструкциялоо, керектүү жабдууларды, эмеректерди жана буюмдарды сатып алуу иштери каралган.

Каракол шаарындагы ММУнун ачылышына КР Президентинин деңгээлинде даярдыктар көрүлүп жатат. Ал эми жогоруда аталган мектеп аны ишке ашыруудагы чоң жардам болуп саналат, — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM