Биз менен байланышыңыз

Абдывахап Нурбаев: Аккредитациядан эле миллиондогон акчалар чогулуп турган

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Авг 2023 | 1686 | 0

Жаңы кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамында мектептерди аккредитациялоо тартиби алып салынды. Эми мамлекеттик же жеке менчик болобу аккредитациядан ыктыярдуу түрдө гана өтө алат. Бул тууралуу «Маралдын» эфиринде экс-депутат Абыдвахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, мурунку мыйзамда мектептеги билимдин сапатын текшерип туруу максатында аккредитациядан өтүү милдеттүү түрдө киргизилген болчу. «Бирок бул жобо иштеп кете алган. Тескерисинче өтө чоң коррупциялык схемага айланды. Бир мектепти аккредитациялоого тиешелүү орган 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин алып турган. Ал акчаны мектеп директорлору мугалимдерден чогултуп жүргөн. Орточо эсептей турган болсок, өлкөдө 2 миңден ашык мектеп болсо, алардан 200 млн сомдун тегерегинде акча түшүп турган», — деп кошумчалады Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев билим берүү мыйзамын жазууда жарандык коом миңден ашык мугалимдер менен жолукканын, алардын көпчүлүгү үчүн аккредитациядан өтүү чоң көйгөйгө айланганын айтат.

Жаңы күчүнө кирген мыйзам боюнча эми мектептерди ар беш жыл сайын аккредитациялоо жоюлду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM