Биз менен байланышыңыз

Жер мунапысы: Ак-Ордодогу 7,5 га жерди ээси мамлекетке өткөрүп берди

Кыска кабар | 16 Авг 2023 | 462 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунун жарандары Кымбат Өмүралиева менен Айтпек Жолдошев облустук аппаратка келип, Ак-Ордо жаңы конушундагы 7,5 гектар жер тилкелерин райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүү ниетин билдиришти. Бүгүнкү күнгө чейин алар мыйзамдуу түрдө ээлик кылып келген, бирок 2000-жылдары курулуш үчүн сатылган жерлерине ээлик кылуудан баш тартышты. Бул тууралуу Чүй облусундагы президенттин өкүлчүлүгү маалымдады.

Бул кадам комиссиянын ишин жөнөкөйлөтүү жана процедураларды тездетүү аркылуу жерге мунапыс берүү процессине оң таасирин тийгизет. Эми жер тилкелеринин азыркы ээлери толук менчик ээси боло алышат жана мыйзамдаштыруу процесси эффективдүү болот. Учурдагы ыктыярдуу тапшырылган жер актынын жана пландалган дагы 10 га жерди өткөрүп берүүнүн натыйжасында Сокулук районундагы Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушунда 300дөн ашык үй-бүлө өздөрүнүн жер участокторуна таза укуктуу боло алышат.

Белгилей кетсек, Сокулук жана Аламүдүн райондору — жер мунапысынын шартында эң татаал аймактар.

Өмүралиева менен Жолдошев жер тилкелерин сатуудан мурун пайда көрүшкөнүн белгилешти. Эми алардан жер сатып алып, үй салгандарга жер тилкелерин мыйзамдаштырууну маанилүү деп эсептеп, бийликтин чакырыгына ыктыярдуу жооп берүүнү чечишкенин айтышты. Алар башка менчик ээлерин да ушундай кадамдарга барууга чакырышты.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын өкүлдөрү документтердин кабыл алынганын ырастап, эгер мурдагы менчик ээлери менчик укугунан баш тартса, жер автоматтык түрдө мамлекеттин менчигине өтөөрүн билдиришти. Жер ээлеринин мындай чечимдери башка жарандар үчүн жерге мунапыс берүү процессине катышууда маанилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM