Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жыландын уусун саткандар кармалды

Кыска кабар | 16 Авг 2023 | 370 | 0

Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору маалымдады.

УКМК күчтүү уулуу заттын (“Gurza – vipera Leberetna turaniga”) ири партиясын сатууга аракет кылгандарды кармады. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматта айтылгандай, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргызстандын жараны кармалган.

Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 АКШ долларына чейин бааланат.

Кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM