Биз менен байланышыңыз

Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны кармалды

Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 755 | 0

УКМК Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Нарын облусунун тургуну Б.у.Б. аттуу КР жаранды кармады.

Маалыматта айтылгандай, Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Орусияга иштөө үчүн барып, ал Орусиянын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөө менен кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Атайын аскердик операциянын фонунда, Б.у.Б. “Вагнер” жеке аскердик компаниясыга кабыл алынып, келишимдик негизде Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.

Шектүү ушул жылдын 1-августунда кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM