Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Махачкаладагы жарылууда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Без рубрики | 15 Авг 2023 | 294 | 0

Дагестандын борбору Махачкала шаарындагы жарылууда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик маалымдагандай, учурда Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги бул кырсыкка тыкыр көз салып, түз байланыш номерлери иштеп жатат (+7 (925) 115-50-47, +7 (925) 285-50-47).

Махачкалада май куйган жайлардын бири жарылып, анда каза тапкандардын саны 35ке жеткен.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, каза болгондордун үчөө жаш балдар. Ал эми 80дей адам жабыркап, алардын 60тан көбү ооруканага жаткырылган.

Бул кырсыкка байланыштуу тиешелүү кызматтар кылмыш иши козгоду.

Дагестанда аза күтүү күнү жарыяланып, аймактын башчысы Сергей Меликов каза болгондордун жакындарына кенемте төлөнөт деп билдирди.

Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Анда сегиз цистерна бензиндин эки цистернасы жарылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт убагында токтотулбаса, калган цистерналар да жарылып, өрттүн масштабы жана адам өлүмү мындан да көп болмок.

Copyright © 2017 Maral FM