Биз менен байланышыңыз

Белгилүү футболчу Роналдиньо кыргызстандыктарга салам жолдоду

Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 123 | 0

Белгилүү футболчу Роналдиньо кыргызстандыктарга салам жолдоп, Кыргызстанга үч күнгө келерин билдирди.

Ал видео кайрылуусунда «Барселона» академиясы Кыргызстанда расмий түрдө ачыларын айтты. «Барселона эми расмий түрдө Кыргызстанда. Мен «Барсанын» легендарлуу оюнчулары менен биргеликте Кыргызстанда үч күн болом. Жашасын Барса! Жашасын Каталония! Жашасын Кыргызстан!»- деп кошумчалаган.

Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун легендарлуу экс-футболчулары жана Азия чөлкөмүнүн белгилүү футболчулары Бишкекке келе турганы буга чейин айтылган. Бул тууралуу «Барселона-Бишкек» клубу маалымат тараткан.

Келиши күтүлүп жаткан футболчулардын арасында Бразилия курамасынын жана «Барселона» клубунун мурдагы оюнчусу Роналдиньо, испаниялык легендарлуу футболчулардын бири, коргоочу Пуйоль жана белгилүү дарбазачы Савиола да бар.

«Барселонанын» мурдагы жылдыз оюнчулары достук беттеш өткөрүп, ага Борбор Азиянын белгилүү оюнчулары катышат. Ал эми бул иш-чара менен кошо КМШ аймагындагы «Барселона» футбол клубунун алгачкы академиясы да ачылмакчы.

Футболдук майрам 30-август, саат 20:00дө башталат. Билет боюнча сурап билүү телефондору: + 996 (500) -001-148
Электрондук дареги: barcaacademykgpress@gmail.com
Инстаграм: @barcaacademybishkek

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM