Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен Кыргызстанга келди. Анын учагы «Ысык-Көл» эл аралык аба майданына конду.
Өзбек премьер-министрин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 16-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына өтөт. Анда кандай маселелер каралары тууралуу азырынча маалымат бериле элек.