Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эми эттин сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот

Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 538 | 0

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун QR кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү идентификациялык системаны ишке киргизди.

Эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот.

Эттин сапатын, малдын жашын, кайдан келгенин, качан союлганын, ал тиешелүү ветеринардык – санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баардыгын ар бир жаран QR-код аркылуу көрө алат.

Мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM