Биз менен байланышыңыз

Дагестанда май куюучу жай жарылып, 35 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 281 | 0

Дагестандын борбору Махачкала шаарында май куйган жайлардын бири жарылып, анда каза тапкандардын саны 35ке жетти.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, каза болгондордун үчөө жаш балдар. Ал эми 80дей адам жабыркап, алардын 60тан көбү ооруканага жаткырылган.

Бул кырсыкка байланыштуу тиешелүү кызматтар кылмыш иши козгоду.

Дагестанда аза күтүү күнү жарыяланып, аймактын башчысы Сергей Меликов каза болгондордун жакындарына кенемте төлөнөт деп билдирди.

Махачкалада май куюучу жайда 14-августта кечинде катуу жарылуу болгон. Анда сегиз цистерна бензиндин эки цистернасы жарылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт убагында токтотулбаса, калган цистерналар да жарылып, өрттүн масштабы жана адам өлүмү мындан да көп болмок.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM