Биз менен байланышыңыз

Монголияда тогуз коргоол боюнча Азия чемпионаты өттү

Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 177 | 0

4-августтан 12-августка чейин Монголияда тогуз коргоол боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Азия чемпионаты 14 жашка чейинки жана 19 жашка чейинки улан-кыздар арасында, ошондой эле чоңдор арасында «стандарт», «блиц» жана «рапид»категорияларында өткөрүлдү.
Кыргызстандын атынан жалпысынан 32 спортчу катышты, алардын ичинен 5 олимпиадалык резервдеги спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары.
«Стандарт» категориясында Сейдахматов Байымбет биринчиликти багындырды. Сагыналиева Гүлайым коло медаль тагынды.

«Блиц» категориясында Кудайбердиев Марсель жана Асанкулова Эркежан коло медалдарды жеңип алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM