Биз менен байланышыңыз

ИИМ адамдарга кол салууга аракет кылган чөнтөкчүлөр кармалганын билдирди

Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 173 | 0

Шаардык милиция тоноочулукка шектелген жарандарды кармады.

ИИМдин берген маалыматында, кармалгандар маршруттук таксилерде жарандардын капчыктарын, смартфондорун уурдоого аракет кылган. Алардын экөөсү жарандын капчыгын уурдоого аракеттенип, бирок максаты ишке ашпай калганда жабыркаган жарандын уулун белгисиз нерсе менен жаракат кылып, изин жашырган.

Ал эми дагы экөөсү коомдук транспорттун ичинде отурган жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видеосу социалдык тармактарда тараган. Видеодо коркутуп жаткан жарандардын бири белгисиз нерселер менен куралданганын көрүүгө болот. Окуянын күбөлөрү маршруттук каттамдардын биринде смартфон уурдоого аракет кылган жигитти байкап калышкан. Ал дароо унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү коркутуп кирген. Учурда аларды Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери кармап, тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Кармалгандар 1994-жылы туулган К.Ж , 2005-жылы туулган А.Р., 2006-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган О.И, 2001-жылы туулган Ж.К., жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар экендиги аныкталды.

Кармалган жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын УКЖна киргизилишти, ал эми шектүү 2006-жылы туулган М.Д., камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы менен Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына киргизилди.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 6 даана ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор табылып, алынган.

Кол салуучулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (990) 77-07-07 же 102 телефондоруна кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM