Биз менен байланышыңыз

Түп: Сел каптаган 98 үй жана короо жайлары тазаланды

Кыска кабар | 15 Авг 2023 | 153 | 0

Түп районунда сел каптаган 98 турак үй жана короо жайлары тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-борбору билдирди.

Корумду айылында 41, Көөчү айылында 24, Талды-Суу айылында 33 үй, 1 мектептин ашканасы, 1 бала бакчанын жертөлөсү, короо жайлары толук тазаланып, 13 ички чарбалык көпүрө жана 5450 метр ички чарбалык жолдор калыбына келтирилген. Ветеринардык кызмат тарабынан өлгөн малдардын тарпы жерге көмүлүп, дезинфекция иштери жүргүзүлгөн. 3 айылда селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн, 15-августта да улантылат.

7-августта Каркыра айыл аймагында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, жалпы 98 турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн каптаган. Мындан сырткары 35,5 га айдоо талааларын, 7,9 га жеке менчик жер тилкелерин, ички чарбалык унаа жолдорду жана көпүрөлөрдү да сел алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM