Биз менен байланышыңыз

БАЭден 10 автоунааны мыйзамсыз алып киргендер аныкталды

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 136 | 0

БАЭден автоунааларды унаа тетиктери деген шылтоо менен алып кирүүгө аракет жасагандар аныкталды. Бажы кызматынын маалыматы боюнча келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион сомдон ашык.

Түштүк-Батыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле «Мега Логистик» БТЖнын кызматкерлери КР Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын 6-бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге бажы органына ТЭИ ТН коддорун бурмалап берилгени аныкталган.

БАЭден «Е.А.М.» алуучунун дарегине инвойско ылайык автомобилдердин запастык бөлүктөрү товары келген. Бирок, бажылык тыкыр кароонун учурунда асты жагынан жарым-жартылай кесилген 10 даана автоунаа табылган.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө унааларды өз багыты менен иштетүүгө жарактуулугу аныкталган.

«Эксперт Оценка» ЖЧК көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган автоунаалардын жалпы орточо базар баасы 15 691 000 сомду түздү.

Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 5 345 645 сомду түзгөн.

Учурда тишелүү материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM