Биз менен байланышыңыз

Кытайдын өкмөт башчысы октябрда Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 223 | 0

Бүгүн, 14-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле президент Жапаровдун сапары жана «Борбордук Азия-Кытай» саммиттинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды даярдоо жана өткөрүү маселелери, анын ичинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайдын СУАРга боло турган расмий сапары жана ушул жылдын октябрында Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга боло турган расмий сапары талкууланды.

Тараптар Кытай өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүнүн жүрүшүнө токтолуп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун алдыга жылдырууну тездетүүнүн, «Торугарт» жана «Иркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруунун, ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM