Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы агробизнес боюнча эл аралык саммит өтөт

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 223 | 0

27-29-августта Ысык-Көлдө «Борбор Азиядагы Агробизнес: Интеграция. Модернизация. Ийгилик» аттуу эл аралык саммит өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексиндеги вертикалдык жана горизонталдык интеграциянын натыйжалуу моделдери каралат. Пленардык сессия, тематикалык бөлүмдөр жана мастер-класстарда каржылоо моделдери, дан, картошка, сүт жана эт бизнесин өнүктүрүү стратегиялары, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү технологиялары сыяктуу темалар камтылат. Көргөзмөнүн алкагында агробизнес адистерине модернизациялоо чечимдери сунушталат.

Саммит фермерлерге, айыл чарба ишканаларынын жетекчилерине жана адистерине, айыл чарбасы үчүн жабдууларды жана өндүрүш каражаттарын берүүчүлөргө, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын, финансы секторунун, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-сатыктын өкүлдөрүнө багытталган. Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн 300гө жакын катышуучулардын келиши мерчемделүүдө.

Ошондой эле Австриядан, Англиядан, Германиядан, Казакстандан, Кыргызстандан, Кытайдан, Кореядан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген 20га жакын компаниялардын агрардык өндүрүш үчүн жабдуулары жана чечимдери менен таанышууга болот.

Саммит дүйнөдөгү эң ири айыл чарба техникасынын көргөзмөсүн утурлай дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөрүлүп жаткан «AGRITECHNICA on Tour» эл аралык иш-чаралар сериясынын алкагында өтөт.

Өтчү жери: «Байтур» комплекси, Бостери айылы, Ысык-Көл району, Кыргызстан

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM