Биз менен байланышыңыз

Инвестициялар агенттиги ALIBABA дүйнөлүк базары менен кызматташууга кол койду

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 365 | 0

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик ALIBABA дүйнөлүк базары менен биргелешкен иш боюнча биринчи документке кол койду. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Умбриэль Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ALIBABA дүйнөлүк базарында Кыргызстандан товарлар үчүн өзүнчө аянтча ачылып жатат. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн инвестициялар боюнча улуттук агенттик 50 алдыңкы ата мекендик ишканаларды окутуп, алардын экспортко чыгуусуна көмөктөшөт.

Alibaba Group — кытайлык ири компания. Анын карамагына электрондук соода жүргүзгөн Taobao.com, Tmall, Alibaba.com, AliExpress интернет сайттары кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM