Биз менен байланышыңыз

Майыптыгы боюнча пенсия алууга кандай документтер керектелет?

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 969 | 0

Майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин Социалдык фонд жарыялады. 

Майыптыгы боюнча пенсия чегерүүнү каалаган жарандар төмөнкү документтерди толуктоосу шарт:

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн — паспорт;

— качкындын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн — качкындын күбөлүгү;

— Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоо укугуна берилген уруксат.

2) Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК)  майыптыгынын тобун белгилөө жөнүндө корутундусу;

3) Эмгек китепчеси

4) 1996-жылдын 1-январына чейин пенсия алуу үчүн кайрылган камсыздандырылган адамдын каалоосу боюнча каалаган 60 айдагы үзгүлтүксүз иш үчүн эмгек акы

5)  пенсиялык күбөлүк алуу үчүн 3×4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт;

Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу — окугандыгы же аскер кызматын өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо кесиптик, атайын орто окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу бөлүмү кабыл алынат),  аскер билети, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот, никени каттоо же ажырашуу жөнүндө күбөлүк, ал башка фамилияга берилген документтер болгон учурда берилет.

—-

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM