Биз менен байланышыңыз

Транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөөгө 2 жума калды

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 325 | 0

Жарандарда транспорт каражатына, турак үй, батир жана үй жанындагы жер участогуна салыкты өз мөөнөтүндө төлөө үчүн 2 жума калды.

Буга байланыштуу мамлекеттик салык кызматы транспорт каражаттарынын, турак жай жана жер үлүшүнүн ээлерин калган убактыны пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырат.

Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.

1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

– транспорт каражатына салык,

– турак жай, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Calculator.salyk.kg сайтынан салыктын суммасын өз алдынча эсептеп алууга болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM