Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту

Кыска кабар | 14 Авг 2023 | 496 | 0

Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кечээ, 13-августта маалымат таратты.

Министрлик билдиргендей, мындай келишим эки тараптуу болгон.

Маалыматка ылайык, 17-19-июль күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын суу маселеси боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн.  Анда казак тарап Талас дарыясынын бассейнинде суу жетишсиздигин, мындан улам Жамбыл облусундагы эгин талааларын сугаруу оор болуп жатканын белгилеп, Киров суу сактагычынан сууну көбүрөөк өлчөмдө кое берүүнү суранышкан.

«Алар 18-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта Киров суу сактагычынан сууну мурда макулдашылгандай секундасына 40 куб метрден эмес, 45 куб метрден кое берүүнү сурашты. Кыргыз тарап бизде да эгин талаалары куурап жатканын себеп кылып, суунун агымын көбөйтө албасын билдирген. Ошондой эле казак тарапка эгер сууну секундуна 45 куб метрден кое бергенде Казакстандын жалпы 3,54 млн. куб метр лимити 4-августта аягына чыгары эскертилген. Ага карабай, казак тарап өтүнүчүнөн баш тарткан эмес. Жыйынтыгында эки тарап августтун экинчи жарымынан тартып Казакстанга суу берилбей турганын ачыктаган протоколго кол коюшкан», — деп айтылат маалыматта.

Айыл чарба министрлиги сугат суу маселеси Таласта бүгүнкү күндө да курч бойдон турганын, Киров суу сактагычына секундуна 1,3 куб метрден гана суу агып кирип жатканын маалымдоодо. Былтыр ушул күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 13,7 куб метрге жетип аткан.

Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү 9-августта 32,48 млн.куб метрди түздү. Былтыр ушул убакта суу сактагычта 177,28 млн. куб метр суу болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM