Биз менен байланышыңыз

Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөө токтотулду

Кыска кабар | 13 Авг 2023 | 110 | 0

Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан “Жеңиш” чокусуна чыгып, дайынсыз болгон Орусиянын жана Литва өлкөлөрүнүн жарандарын издөө иштери токтотулду.

Аларды издөө үчүн үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 21 куткаруучудан турган 3 издеп-куткаруу тобу чыккан. Ошондой эле аймактын климаттык шарттарын эске алып, куткаруу топторун жеткирүү, альпинисттер жүргөн аймакты фото-видеого тартуу үчүн КРнын Коргоо министрлигинин «МИ-8МТВ” тик учагы кошо тартылган.

Абанын температурасы -20 -30 градуска жеткен 4100 метр бийиктикке жеткен ӨКМдин куткаруучулары “Түштүк Эңилчек” базасына убактылуу жайгашып, өздөрүн эки күн климатка көнүктүргөн соң, альпинисттерди издөө иштерин улантуу үчүн 6000 метрден ашуун бийиктикке чыгышкан.
Куткаруучулар альпинизм боюнча тажрыйбалуу адис Греков менен биргеликте чет өлкөлүк жарандарды издешкен. Тилекке каршы, издеп-куткаруу иштери, 2 жолку визуалдык учуу да өз натыйжасын берген эмес.
Ал эми чет өлкөлүк альпинисттер “Жеңиш” чокусуна жетип, эң татаал жол менен кайра ылдыйлаганы, алардын бириндеги спутник байланышынын (GPS трекери) координаты боюнча кырсык болгон жер аныкталган. Альпинисттер түшкөн маршруттун бул бөлүгүнө чыгууга дээрлик мүмкүн эместиги билинген. Чокудагы аба ырайынын татаал шарттары, тез-тез жүрүп жаткан кар көчкүлөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын өмүрүнө кооптуу экенин эске алып, куткаруучулар базалык лагерге, кийинчерээк туруктуу ордуна кайтарылган.
Альпинисттерди издөөдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз компетенциясынын жана жеткиликтүү каражатынын чегинде чет элдик туристтерди издөөгө бардык күч-аракетин жумшады, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4 альпинисттин үчөө – Д.П., С.П., Н.Д. аттуу Орусия Федерациясынын жарандары, төртүнчүсү Литва өлкөсүнүн жараны. 19-июль күнү акыркы жолу 6900 метрге жакын бийиктиктен байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июль күнү спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат түшкөн. Анын негизинде “Аксай-Трэвел” компаниясы 24-26-июлда тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок ал жыйынтык берген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM