Биз менен байланышыңыз

Үркүндү эскерүү жөө жүрүшү бүгүн аяктайт

Кыска кабар | 13 Авг 2023 | 131 | 0
Сүрөт "Эсимде" баракчасынан алынды. Жөө жүрүш учуру

1916-жылдагы Үркүндү эскерүүгө байланыштуу 10-13-август күндөрү Ысык-Көлдүн Тосор аймагында жөө жүрүшү өтүп жатат.

Жөө жүрүшкө катышуучуларды тосуп алуу 10-августта болду. 11-августта Тосор айылынан эки топко бөлүнүп, 1916-жылы эл Кытай тарапка качкан жол аркылуу жөө жүрүш башталды. Кыргын-Сайдан башталган жүрүш Дуулат-Булакка чейин созулуп, бүгүн жыйынтыкталат.

Мындай эскерүү жөө-жүрүшү бир канча жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чараны «Тосор» коому уюштурууда.

Августтун биринчи жумасы Үркүндү эскерүү жумалыгы. 1916-жылдагы трагедиянын эң оор күндөрү дал ушул күндөргө туура келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM