Биз менен байланышыңыз

Ошто «Көчмөн бизнес аянтча-2023» иш-чарасы өтөт

Кыска кабар | 12 Авг 2023 | 500 | 0

JIA Бизнес-ассоциациясы 19-20-август күндөрү Ошто Көчмөн Бизнес Аянтча-2023 иш-чарасын өткөрөт. Иш-чарага Бишкек, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунан 350-400 ишкердик катышуучу күтүлүүдө.

Иш-чарада өлкөдөгү алдыңкы спикерлер “Супара” этнокомплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева, Гарвард бизнес мектеби, Хьюстон университети, METU (Middle East Technical University) сыяктуу алдыңкы окуу жайлардын бүтүрүп дүйнөнүн ири компанияларында инженер болуп эмгектенген жаш жубайлар Эмил Билгазыев менен Мунара Толубаева, “Ак Кеме” курулуш компаниясынын жетекчиси Рахматулла Мадазимовдор тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Ошондой эле улуттук оюндар, туризм жана кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барган товар жана кызматтардын көргөзмө-жарманкеси, маданий иш-чара менен коштолот.
Көчмөн бизнес аянтча – JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан жыл сайын ар кайсы аймакта өлкө ишкерлерин чогултуу, маалымат алмашуу жана кызматташтыкты чындоо максатында өткөрүлүп келет. Бул жылы иш-чара ички туризмди өнүктүрүүгө багытталат. Буга чейин Талас жаана Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн.

Толук маалымат жана билеттерди сатып алуу үчүн +996 755 88 08 48 номерине кайрылса болот. Иш-чаранын медиа өнөктөшү — Марал радиосу.

JIA бизнес-ассоциациясы – Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү үчүн ишкерлердин инновациялык, социалдык жоопкерчиликтүү жана ачык коомун өөрчүтүүнү көздөгөн коммерциялык эмес уюм. Ассоциация Кыргызстанда гана эмес, анын чегинен сырткары дагы кулачын жайып, 1200дөн ашуун компанияларды, чакан, орто жана ири бизнести бириктирип турат. JIA 2006-жылы республиканын ишкерлеринин демилгеси менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул тармактык комитеттер, клубдар, ишкердикти колдоо борборлору жана мыкты адистери бар көп секторлуу уюм.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM