Биз менен байланышыңыз

Камсыздандыруу полисин эми терминалдар аркылуу алса жана төлөсө болот

Кыска кабар | 12 Авг 2023 | 145 | 0

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин эми терминалдары аркылуу алса жана төлөм төксө болот. Бул тууралуу ММК фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кызматты Кыргызстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр да колдоно алат. Ал үчүн терминалдан ФОМС бөлүмүнө кирип, «полис алуу үчүн төлөм» функциясын басуу керек. Кыргызстандыктар өзүнүн ПИН номерин жазса, чет өлкөлүктөр паспорт маалыматын киргизсе система жарандын камсыздандыруу полиси бар же жок экендигин көрсөтүп берет.

Андан кийин телефон номерди жазуу зарыл. Төлөмдүн кайтарымы номерге бирдик катары түшөт.

Камсыздандыруу полисин QUICKPAY, Pay24, «Оңой», «Айыл Банк», «Бакай Банк» жана и Mega операторунун терминалдары аркылуу алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM