Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилди

Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 272 | 0

Бүгүн, 11-августта Мамлекеттик-Жеке Өнөктөштүк борбору (МЖӨ) тарабынан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган “МЖӨ күнү” өткөрүлдү.

Иш-чара МЖӨ тармагындагы ишмердүүлүктүн негизги аспектилери жана маанилүү долбоорлор менен таанышуу максатында уюштурулган. Иш-чаранын алкагында инфраструктура, саламаттыкты сактоо, спорт, айыл чарба, санариптештирүү жана башка тармактарда ишке ашырылып жаткан МЖӨ долбоорлору тааныштырылды.

Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлор:

— Бишкек шаарында эки компьютердик томография борборун ачуу;

— Кант шаарындагы өспүрүмдөр спорт мектебинин бассейнин оңдоо;

Ошондой эле Бишкек шаарындагы №69 мектебинин бассейнин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлду.

Учурда Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш залын куруу, Бишкек шаарында 3 бала бакчаны куруу, Ысык-Көл облусунда мөмө-жемиш питомнигин түзүү жана Чүй облусунда балык чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгаруучу, анын ичинде Жалал-Абад шаарында заманбап IT борборлорунун түзүлүүсү, аймактарды бириктирүүчү жолдорду куруу жана Бишкек шаарында автоматташтырылган унаа токтотуучу жайларды ишке киргизүү сыяктуу өзгөчө ири долбоорлорду ишке ашыруу да каралганы иш-чарада айтылды.

Бүгүнкү күндө МЖӨ жөнүндө жаңы Мыйзам кабыл алынгандан бери МЖӨ борборунун долбоорлор портфели 68 долбоорго чейин көбөйдү. Алардын инвестициясы 1 млрд АКШ долларынан ашык. Анын ичинен 20 долбоор боюнча МЖӨ жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM