Биз менен байланышыңыз

Өзүн милиция деп тааныштырып акча опузалагандар кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 282 | 0

Өздөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерибиз деп тааныштырып жарандардан акча талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Өзүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери катары тааныштырып, системалуу негизде жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенип жүргөн бир топ жарандар кармалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жогоруда 6 жарандан турган топ өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышып бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен, ошондой эле интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

8-августта бул кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилген. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылган.

Учурда КР УКМК тарабынан бул кылмыш ишинин шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулду.

Ошол эле учурда ушул сыяктуу кылмыштын түрлөрүнөн жапа чеккен жарандарды КР УКМКнын (0312) 66-04-75 телефондоруна билдирип кайрылууну өтүнөт. Анонимдүүлүкө кепилдик берилет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM