Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда иштеген 80 кыргызстандык бир жолку социалдык төлөмдөрүн алышты

Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 331 | 0

Түштүк Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку социалдык төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын социалдык фондунан маалымдашты.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмдөрүн алуу үчүн кайрылгандардын саны 80 адамды түзөт. Алардан ичинен 72 адамдын арызы каралып, бир жолку төлөм төлөндү, дагы 8 адам чечимди күтүүдө.

Бир жолку төлөмдөрдүн орточо өлчөмү 3676 АКШ долларын түздү. Мындай социалдык төлөм Түштүк Кореяда салыктын бардык түрүн төлөп, легалдуу иштеген чет өлкөлүктөр үчүн берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM