Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда «Док-1 Макс” дарысы 65 баланын өлүмүнө себеп болгону аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 393 | 0

Өзбекстанда жаш балдардын өлүмүнө себеп болгон «Док-1 Макс” дарысы боюнча козголгон кылмыш иши иликтенип, соттун кароосуна келип түштү. Прокуратуранын териштирүүсүндө аталган дары 65 баланын өлүмүнө себеп болгону аныкталган. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку соту маалымат таратты.

Кылмыш иши боюнча сот отуруму бүгүн Ташкент шаардык сотунда өтүп жатат. Анын алкагында 21 адамдын иши каралып, алардын 16сы эркек, бешөөсү аялдар. Айыптоочу жети адамга «камакка алуу», 12 адамга админстративдик жаза жана жүрүм-турумун көзөмөлдөө жазалары берүүнү суранган.

Өткөн жылдын декабрында Өзбекстанда «Док-1 Макс” дарысын ичкен балдар ооруканага түшүп, бир айда 20 бала каза тапканы айтылган. Саламаттыкты сактоо министрлиги  “Док-1 Макс” жана “Амбронол” сиропторунун курамында мүмкүн болбогон көлөмдөгү этиленгликол же диэтиленгликол сыяктуу уулуу заттарды аныктаган.

Бул препараттарды Индиянын “Marion Biotech” компаниясы иштеп чыккан. Бул окуядан кийин Индия бийлиги “Marion Biotech” компаниясынын лицензиясын токтоткон. Ал эми аны Өзбекстанга алып кирген компаниянын бардык дары-дармектерин сатууга чектөө киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM