Биз менен байланышыңыз

ДСУ коронавирустун жаңы түрү «Эрис» тез таркалып жатканын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 552 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустардын арасына EG.5 түрүнү кошту жана аны «Эрис» деп атады. Бул омикрондун кичине түрү болуп, дүйнөдө өтө тез жайылууда.

ДСУнун маалыматына караганда вирустун бул түрү алгач ушул жылдын февралында аныкталган. Соңку мезгилде «Эрис» вирусун аныктоонун жыштыгы 6,2%дан 11,6%га өскөн.

Маалыматка караганда жаңы вирустун таркалуу ылдамдыгы «Кракен» жана «Арктур» варианттарынан бир топ даражада жогору. «Эрис» вирусу азыркы тапта 51 өлкөдө аныкталган.

Белгилери мурунку вирустар менен дээрлик окшош. Жөтөл, тумоо, дене табы көтөрүлүү, тамактын оорушу жана көкүрөк туштун кысылышы сыяктуу белгилери бар. Иммунитети начар адамдардын организми бул вирусту оор кабыл алып, бир катар өтүшүп кеткен дарттарды кошо козгошу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM