Биз менен байланышыңыз

Троллейбустун айдоочуларынын айлыгы эми 50 миң сом болот

Кыска кабар | 11 Авг 2023 | 335 | 0

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды ишке кабыл алууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочулардын жетишсиздигине байланыштуу » Т » категориясы бар айдоочуларды өз жамаатына чакырат. Ал эми жаңы баштагандар үчүн акысыз окуу жана стажировка бар, курсту аяктагандан кийин расмий ишке орношууну да камсыздайт.

Эскерте кетсек 20-августтан тарта накталай эмес төлөмгө өткөн соң айдоочулардын айлык маянасы 50 миң сомду түзөт.

Кечээ, 10-августта Бишкектеги троллейбустардын айдоочулары митинг өткөрүп, айлык маянасын көтөрүп берүүнү талап кылган. Алар жолкире электрондук төлөмгө өткөн соң, кошумча каражат табуу мүмкүн болбой каларын айтып, учурда айлык 28 миң сомдун тегерегинде деп билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM