Биз менен байланышыңыз

«Барселонанын» мурдагы жылдыз оюнчулары Бишкекке келет

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 288 | 0

Испаниянын «Барселона» футболдук клубунун легендарлуу экс-футболчулары жана Азия чөлкөмүнүн белгилүү футболчулары Бишкекке келет. Бул тууралуу «Барселона-Бишкек» клубу маалымат таратты.

Келиши күтүлүп жаткан футболчулардын арасында Бразилия курамасынын жана «Барселона» клубунун мурдагы оюнчусу Роналдиньо, испаниялык легендарлуу футболчулардын бири, коргоочу Пуйоль жана белгилүү дарбазачы Савиола да бар.

«Барселонанын» мурдагы жылдыз оюнчулары достук беттеш өткөрүп, ага Азиянын белгилүү оюнчулары катышат. Ал эми бул иш-чара менен кошо КМШ аймагындагы «Барселона» футбол клубунун алгачкы академиясы да ачылмакчы.

Футболдук майрам 30-август, саат 20:00дө башталат. Билет боюнча сурап билүү телефондору: + 996 (500) -001-148
Электрондук дареги: barcaacademykgpress@gmail.com
Инстаграм: @barcaacademybishkek

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM