Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Орусия биргелешкен форум өткөрөт

Кыска кабар | 10 Авг 2023 | 132 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөшту.

Эки президенттин сүйлөшүүсүндө Өзбекстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Диалогдун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана гуманитардык тажырыйба алмашууну активдүү улантууга өзгөчө көңүл бурулду, — деп билдирди өзбек президентинин басма сөз кызматы.

«Эки өлкөнүн лидерлери алдыдагы иш-чаралардын графигин карап чыгып, жакын арада өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын, өзбек-орус аймактар аралык, билим берүү жана медиа форумдарды өткөрүү зарылдыгын белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын 1-июнуна карата Өзбекстанда чет элдик капиталдын катышуусундагы ишканалардын жана уюмдардын саны 12 807ни түзгөн. Алардын 2884ү Орусиянын, 1823ү Кытайдын, 1771и Түркиянын, 957си Казакстандын капиталы менен ачылган.

Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү январь-май айларында 25,8 миллиард долларга жетти. Анын 4,5 миллиарды Кытай, 3,8 миллиарды Орусияга туура келет . Үчүнчү орунда 1,9 миллиард доллар үлүшү менен Казакстан турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM